Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын командасынын негизги атаандаштары аталдыАт чабыштан айтышка чейин: Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндарынын конокторун эмнелер күтөт, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары айтып бердиБишкекте 2-сентябрда жарык каяктарда өчүрүлөт — көчөлөрдүн тизмесиЫсык-Көл «Улуу тоолор баяны» аттуу живопись жана скульптура көргөзмөсү ачылдыКыргызстан Кытайдын төлөм системасына кошулууда: эксперттин пикириЭмгек министрлигинин 100гө жакын кызматкери мүмкүнчүлүгү чектелген көрүүчүлөргө жардам беришет
Ош: Өз кызматын аткара албаган 3 жетекчи жаза алды
02.12.2021 | 14:36
Ош шаарында 3 жетекчиге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар жазаны кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле жасабагандыгы, документтер менен иштөөнү уюштуруу, көзөмөлгө алуу жана аткаруу маселелерине кош көңүл карагандыгы үчүн алды.
Тартиптик жаза алган жетекчилер:
– Ош шаарынын муниципалдык турак жай коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Эркин Аралиевге эскертүү;
– Ош шаарынын мэриясынын «Борбордук базар дирекциясы» муниципалдык ишканасынын башчысы Нияз Исмаиловго эскертүү;
– Ош шаардык «Жолдор» муниципалдык ишканасынын башчысы Арзыбек Жунусовго сөгүш берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат