Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кыргызстандын ички карызы 64 млрд сомдон ашты
10.12.2021 | 11:13
Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 9-декабрга карата республиканын мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча ички карызы 64 миллиард 78,2 миллион сомду түздү. Бул тууралуу “Акчабар” жазды.
Каражаттын басымдуу бөлүгү мамлекеттик казына облигациялары аркылуу бюджетке түшкөн. Алар боюнча Кыргызстандын милдеттенмелери 63 миллиард 247 миллион 392,1 миң сомго бааланган.
Кошумчалай кетсек, мамлекет дагы 12 айлык казына векселдерин жайгаштыруу менен ички рынокко акча алган. Өлкөнүн карызы 830 миллион 777 миң сомго бааланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика