Көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу арзандады

18.12.2021 | 10:33

Республика боюнча 17-декабрга карата көмүрдүн чекене баасы орто эсеп менен тоннасына 5 миң 205,5 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

2021-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу нарк 8,3 пайызга азайган. Бул Исфанада (тоннасы 2 миң 268,9 сомго), Баткенде (1 миң 930,1 сомго), Ноокатта (1 миң 755 сомго) жана Таласта (1 миң 620,3 сомго) төмөндөшүнө байланыштуу экени белгиленген.

Scroll to Top