Эксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болуудаЧүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайыСадыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштадыЖогорку Кеңеште таштанды ыргыткандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылдыПодрядчы компанияга 17 млн сомдон ашык төлөнгөн жок. Компания текшерүүлөрдүн кысымына кабылганСадыр Жапаров Астанада экологиялык саммитке катышты
Жетигенов депутаттык кол тийбестигинен ажыратылган жок
22.12.2021 | 10:52
Жогорку Кеңештин атайын депутаттык комиссиясы Бактыбек Жетигеновго коюлуп жаткан күнөөлөргө толук фактылар табылган жок деп, Башкы прокуратуранын өтүнүчүн четке кагуу чечимин кабыл алды. Ошондой эле Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө изоляторунан токтоосуз бошотулсун деген чечимге келди. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин жыйынында атайын депутаттык комиссиянын төрайымы Айсулуу Мамашева окуп берди.
Эч кандай суроосу жок эле токтом долбоорун добуш берүүгө коюлду.
Жалпы 97 депутаттын, 88 депутаты “макул” деп добуш берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат