Кыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузакКыргызстандын соттору кагаз түрүндөгү чакыруулардын ордуна SMS-билдирүүлөргө өтөтЭксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болуудаЧүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайыСадыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштады
Ташиев: 9 пайыздык босогонун калуусун каалайм
23.10.2019 | 15:44
Парламентке өтүү үчүн 9 пайыздык босогонун калуусун каалайм. Мындай пикирди саясатчы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Саясатчынын пикиринде учурда босого пайызын түшүрүүнү айтып жаткан саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес.
“Көпчүлүгү ошол учурда парламенте олтурушкан,эми гана айта башташты, демек ошол маалда Атамбаевдин демилгесине каршы чыгууга эрктери жеткен эмес. Жеке мен 9 пайыздык босогонун калуусун каалайм. Саясий атаандаштыкта күч сынашалы. Кайсыл адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экенин эл чечсин”, – деп жазган ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат