Премьер-министр “калькулятор бала” Арсен Рахымбеков менен жолугушту

Премьер-министр “калькулятор бала” Арсен Рахымбеков менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Арсенди математика жана менталдык арифметиканы өздөштүрүү менен чоң-чоң жетишкендиктерге жеткени, ошондой эле эл аралык сынактарга жана олимпиадаларга ийгиликтүү катышуусу менен куттуктады.  

«Өспүрүм кезиңде эле көптөгөн телекөрүүчүлөргө таанылып, алардын жогорку баасына татыдың. Кичинекей кезиңде эле биздин мамлекеттеги өспүрүмдөргө эмгекти сүйүү жана тырышчаактык,  билим алуу жана  жаңы ийгиликтерди багынтуу жагынан үлгү боло алдың», — деди  Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле премьер-министр Арсендин ийгиликтерге жетишүүсүнө салым кошкон апасына жана устатына ыраазычылык билдирип, Арсенге эстеликке кала турган белек тапшырды.

Белгилей кетсек, Арсен Рахымбеков Орусиянын “Россия-1” телеканалында өткөн “Удивительные люди” (Таң калычтуу адамдар) программасына катышып,  көп оорунду сандарды бир нече көз ирмемде кошуп, көрүүчүлөрдү таң калтырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>