Журналист Алканова депутаттыкка ат салышат

07.01.2022 | 14:10

Элнура Алканова Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууну чечти. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.

«Менин эч кандай демөөрчүм жок, үй-бүлөмдөн башка эч ким мени багып, жол көрсөтпөйт», – деп жазат Алканова.

Анын айтымында, качандыр бир кезде өзү пайдалуу боло алган адамдардын колдоосуна ишенет.

«Кудайдын колдоосу менен жеңишке жетем деп үмүт кылып жана өз күчүм менен күрөшөм!» – деп жазылган постто.

Элнура Алканова иликтөөчү журналист. 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Аталган партия Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раимбек Матраимовго тиешелүү деген маалыматтар айтылып келген.

28-январда Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округдарында кайрадан шайлоо болот. 28-ноябрда парламенттик шайлоодо эки округда “баарына каршы” добуш бергендердин саны көп болуп кеткен. Мыйзам боюнча мындай кырдаалда кайрадан кайталанып шайлоо өткөрүлөт.

Scroll to Top