Журналист Алканова депутаттыкка ат салышат

Журналист Алканова депутаттыкка ат салышат

Элнура Алканова Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууну чечти. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.

«Менин эч кандай демөөрчүм жок, үй-бүлөмдөн башка эч ким мени багып, жол көрсөтпөйт», — деп жазат Алканова.

Анын айтымында, качандыр бир кезде өзү пайдалуу боло алган адамдардын колдоосуна ишенет.

«Кудайдын колдоосу менен жеңишке жетем деп үмүт кылып жана өз күчүм менен күрөшөм!» — деп жазылган постто.

Элнура Алканова иликтөөчү журналист. 2020-жылы «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Аталган партия Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раимбек Матраимовго тиешелүү деген маалыматтар айтылып келген.

28-январда Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округдарында кайрадан шайлоо болот. 28-ноябрда парламенттик шайлоодо эки округда «баарына каршы» добуш бергендердин саны көп болуп кеткен. Мыйзам боюнча мындай кырдаалда кайрадан кайталанып шайлоо өткөрүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>