Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Мекенине кайтуу үчүн 32 казакстандык үчүнчү өлкөлөрдөн Бишкекке учуп келди
08.01.2022 | 13:27
Үчүнчү өлкөлөрдөн Казакстандын 32 жараны унаасы менен мекенине кайтуу үчүн “Манас” аэропортуна учуп келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Транзиттик жүргүнчүлөрдү борбор калаанын мэриясы муниципалдык транспорт менен камсыздап, аларга ысык тамак уюштурулуп, «Достук» мейманканасына жайгаштырылат.
Бишкек мэриясынын жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери жакын арада “Ак-Жол” өткөрүү пунктуна жүргүнчүлөрдү жеткиришет.
Ошондой эле учурда «Манас» аэропортунда мэриянын нөөмөтчү автобустары иштеп жатканы маалым болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом