«Ак-Жол», «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштөөдө

«Ак-Жол», «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштөөдө

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол», «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттык» Кыргыз өкмөтүндөгү булактарына таянуу менен жазды.

Казак тарап кыргыз өкмөтүнө чек ара 7-январда саат 18:00 баштап штаттык режимде иштей баштарын кабарлаган. Чек ара кызматы учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экенин билдирди.

Аталган өткөрмө бекеттер жабылганын кечээ Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирген эле.

Кыргыз-казак чек арасында жети өткөрмө бекет бар.

Кыргызстан Казакстандагы коомдук-саясий абалдын курчушуна байланыштуу кыргыз-казак чек арасынан өткөн жарандар үчүн милдеттүү түрдө коронавирус жоктугун тастыктаган ПЧР тестти көрсөтүү талабын жокко чыгарган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>