Жамбыл облустук полициянын башчысы Жанат Сулейменов өзүн-өзү өлтүрдү. Бул туурасында «Интерфакс-Казахстан» басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Казакстандагы баш аламандык боюнча Сулеймановго кылмыш иши козголгондон соң, өзүн-өзү өлтүргөн.
Ушул тапта окуянын себептери иликтенүүдө.