Көк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалдыШарт түзмөйүнчө эч нерсеге тыюу сала албайбыз — Мэр тыгын маселесин талкууладыКөңүл буруңуздар! 21-октябрда “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” конуштарында суу өчүрүлөтБишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп бердиЭнергетика министрлиги: “Кемин” көмөк чордону ноябрга чейин толук даяр болотБаңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи
Матраимов фонду Африкада кудук курду
11.01.2022 | 15:38
Африка континентиндеги айылдардын биринде Исмаил Матраимов атындагы фонд тарабынан кудук курулган. Бул тууралуу Сейчас.kg Telegram каналында маалымдалды.
Reporter.kg Исмаил Матраимовдун фондуна байланыша алган жок. Бирок Африкадагы кудук 2013-жылы Кавказда түзүлгөн «Тирүү жүрөк» кайрымдуулук фонду аркылуу курулганы белгилүү болду. Бул фонд Нигерде, Палестинада, Түркияда, Сирияда, Бангладеште жана Сомалиде иштейт.
Фонддун программаларынын бири Нигерде суу менен камсыздоо системаларын куруу болуп саналат.
Матраимовдор Нигерде скважина курууга каражат бөлгөн жалгыз кыргызстандык эмес. «Тирүү жүрөк» фондунун сайтынан алынган маалыматка ылайык, Нигериялыктарга берилген мындай белектин баасы 1 миңден 15 миң еврого чейин бааланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом