Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
“Мандат майлоо”. ЖК депутаты Исмаилов жүздөгөн кишиге чай берди
11.01.2022 | 15:03
“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан шайланып келген, Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаилов Ош шаарындагы ресторандардын биринде шайлоочуларга сый тамак бергенин фейсбук колдонуучусу Эрнис Нурдин жазып чыкты.
Ал, “казак туугандарда коогалаң башталгандан бери өлкөбүздө түрдүү маселе жаралып, коомчулукту каптаган негатив маалыматтар көңүл чөктүрдү. Ош шаарындагы ресторандардын бирине 700-800 адамды чакырып, ЖКнын жаңы депутаты Фархат Исмаилов чай берди. Ош шаары көп улуттуу калк болгондуктан, депутат Ф. Исмаиловдун сыйына ар кайсы улуттун өкүлдөрү катышып, бир дастаркондо бийлеп-чоорлоп кайтышты” – деп жазып чыкты.

Рубрики: Жаңылыктар, Саясат