Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кээ бир жерде түштү
11.01.2022 | 16:02
Кыргызстанда 10-январга карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 2021-жылдын декабрынан бери орточо баага салыштырмалуу төмөндөдү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, АИ92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы менен эсептегенде, орточо баа литрине 59,21 сом, ал эми 10-январда 59,11 сомду түзгөн. Башкача айтканда, 0,1 сомго арзандаган. Бул негизинен Кара-Суу, Ош жана Ноокат шаарларында 1,57 сомго, 1,47 сомго жана 1,34 сомго арзандады дегенди түшүндүрөт.
Ошондой эле, Каракол, Балыкчы, Талас, Нарын, Кара-Балта, Токмок, Бишкек шаарларында жана Чаек айылында майдын кымбатаганы байкалса, башка аймактарда төмөндөшү байкалууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Экономика