Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Алматыда бошотулган кыргызстандыктар Бишкекке келе жатат
15.01.2022 | 16:48
Бүгүн, 15-январда Казакстандын Алматы облусунун Карасай районунда кармалган төрт Кыргызстандын жараны бошотулган. Алар учурда Бишкекке келе жатат.
Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратурасынын жетекчилерине бул маселени чечүүдө биргелешкен иш алып барганы үчүн жеке ыраазычылык билдирди.
Элчи Кыргызстандын жарандары ички жол-жоболор, процессуалдык жана укук коргоо органдарынын текшерүү иш-чараларынан кийин бошотулганын белгиледи.