Ошто Увам каналы тазаланып, жээги тосулуудаБишкекте киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү чаралары талкууланды90 млн сом зыян — Туризм фондунун чиновниктери каражатты максатсыз короткон деп шектелүүдөБишкек — Ош багытындагы билеттер 8 820 сомдон 7 600 сомго чейин арзандадыКыргызстан менен Палестина инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарКР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Астанадагы саммитте балдардын ден соолугун жана БА аймагындагы медицинаны талкуулады
Милиция Сокулукта табылган аялдын сөөгүнүн өздүгүн аныктоого жардам сурайт
17.01.2022 | 12:03
10-январь күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан азиат түспөлүндөгү белгисиз аялдын каза болгондугу боюнча билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилери: жашы болжол менен 40-45 жашта, арык денелүү, чачы күл түстөгү кыска боёлгон, бою 155 сантиметрдей.
Кийген кийимдери: кара күрмө, кызыл түстөгү «М» эмблемасы бар кроссовка, кара спорттук шым.
Милиция жарандардан каза болгон аялдын өздүгүн тактоого жардам сурайт. Сүрөттөгү аялды тааныгандар болсо Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 0-3132-5-33-80, 0312 60-75-67, 0508 27 88 66 номурларына билдирүүнү өтүнөт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом