ТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалдыБүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталдыБишкектеги жаңы стадион “Азаттык Арена”, конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталдыАкыйкатчы институтунда аялдар менен балдарды зомбулуктан коргоо чаралары талкууландыКөк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалды
Беларуста жаңы Конституция боюнча референдум 27-февралга белгиленди
21.01.2022 | 09:11
Беларуста жаңы Конституция боюнча референдум 27-февралга белгиленди. Жарлыкка 20-январда Александр Лукашенко кол койду. Бюллетенде бир гана суроо болот.
Референдумдун катышуучуларынан Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдор-колдобосу гана суралат. Добуш берүүгө чыгарылган чечим жарыяланган күндөн 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.
Негизги мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 22 беттен бурат: Парламенттин президентке импичмент жарыялоо укугу жоюлат. Чет өлкөдө жашагандар президенттикке талапкер боло алышпайт. Президент өмүр бою кол тийбестик укугуна ээ болот.
Жаңы Конституция Лукашенкого бийликте калууга мүмкүндүк берет.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар