Айсулуу Тыныбекова уул төрөгөнүн жарыяладыИранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Америкалык куудул Луис Андерсон көз жумду
22.01.2022 | 10:00
Америкалык куудул Луис Андерсон 21-январь күнү 68 жашында каза болду. Бул туурасында TMZ жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Андерсон кан рагы менен күрөшүп, Лас-Вегастагы ооруканада дарыланып жаткан.
Луи Андерсон 1953-жылы Миннесота штатында төрөлгөн. Ал АКШда атактуу куудул болгон. Ар кандай теледолбоорлордо роль жараткан.1988-жылы Андерсон “Америкага келүү” тасмасында жана анын мурунку жылы чыккан уландысында роль жараткан. 1995-жылдан бери “Луи менен жашоо” мультсериалынын жаратып келген. Ал Андерсондун бала кезиндеги окуяларды баяндайт. Долбоор “Humanitas” сыйлыгын 3 жолу жеңип алган. Куудул “Эмми” сыйлыгына да көрсөтүлгөн.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар