Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Чүйдө ишенимине кирип буюмун тартып алган киши кармалды
22.01.2022 | 13:20
Аламүдүндө чөнтөк телефон алдап тартып алган киши кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук милицияга алдамчылык фактысы боюнчка арыз менен Д.Т. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамга чара көрүүнү суранган, анткени ал ишенимине кирип, анын 18 000 сомдук «Редми» телефонун алдоо жолу менен ээлеп алган.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын негизинде Аламүдүн РИИБне катталган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон С.Т 1997-жылы туулган жаран аныкталып, райондук бөлүмгө жеткирилген.
Тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар