Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кыргызстанда эми бир эле автоунааны эки кишиге каттатса болот. Адистин жообу
29.10.2019 | 10:33
Транспорттун катталгандыгы тууралуу жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштады. Эми бир эле автоунааны эки кишиге каттатса болот. Бул тууралуу «sputnik.kg» «Унаа» мамлекеттик мекемесинин өкүлү Урмат Асанкожоев билдиргенин жазды.
Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааны кантип эки кишиге каттатса болорун түшүндүрүп берди.
«Транспортту каттоодо «энчилеш ээси» деген графа эски күбөлүктөрдө болгон, ал эми жаңы күбөлүктө «энчилеш ээси» деген графа болбойт. Ошол себептен автоунааны эки кишиге каттатса болот. Кээде эки киши биргелешип машина сатып алган учур да болот. Анда бир ээси экинчисинин макулдугу жок автоунааны сата албайт. Эгер талаш жарала турган болсо сот аркылуу чечип алышат», — деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом