Май майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыкта
Бишкек: Тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды
04.02.2022 | 15:19
Бүгүн, 4-февраль күнү Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Land Cruiser менен тез жардам унаасы менен кагышты. Бул туурасында баш калаанын Кайгуул милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тез жардам унаасынын айдоочусу жана жүргүнчү, мындан тышкары Toyota Land Cruiser унаасын башкарган аял жеңил жаракат алышты. Эки унаа тең айып короого киргизилди.
Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар