Сабырбек Жумабеков жаңы жетекчини киргизбей койду (ВИДЕО)

Сабырбек Жумабеков жаңы жетекчини киргизбей койду (ВИДЕО)

Жаңы түзүлгөн Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы жетекчисин тааныштырууга келген Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев бейтапканага кире албай артка кайтты.

Бейтапканага  Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун мурдагы жетекчиси Сабырбек Жумабековдун тарапташтары  аларды кабыл албай коюшту. Министрдин орун басары  Рахматулаев Жумабековду бошотуу боюнча министрдин буйругун алып келип, жаңы жетекчини тааныштырганы келген.

Бул кадамга  Сабырбек Жумабеков президенттин чечимин күтөрүн айтып, кызмат ордунан кетүүдөн баш тартты.

Ошол маалда Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Сабырбек Жумабековдун телефонуна чалып калды деп айтканын угууга болот. Анда Жумабеков, Байсаловго “бул жер сиз айткандай болбой жатат го” – деди.

 

Видео: Говори ТВ.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>