BITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептери
Кадамжайда жол кырсыгынан бир аял мерт кетти
15.02.2022 | 09:35
Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыгынан бир киши каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кадамжай районунун Ноогардан айылында Ош-Баткен-Исфана жолунун 147-чакырымында жол кырсыгы катталгангандыгы тууралуу түнкү саат 22:34тө маалымдашкан. Куткаруу иштерине №76 ӨКБ нөн 1 бөлүм, 4 куткаруучу АСМ унаасы менен тартылган.
Такталган маалыматка караганда, “Ауди” жана “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү 2 авто унаа кагылышып, жүргүнчүлөр жабыр тарткан. Ал эми 1955-жылы туулган Ф. Ы. аттуу аял киши окуя болгон жерде каза болгон. Куткаруучулар тарабынан унаадан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Ал эми жол кырсыгынан жабыр тарткан төрт жаран Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом