Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйт
Нурлан Мамытовго козголгон иш Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна тиешеси жок
15.02.2022 | 13:50
Нурлан Мамытовго козголгон иш анын «Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү катары ишине байланыштуу жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
«Нурлан Мамытов банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турганда 2017-жылы «Айыл Банк» ААКсында болгон окуяларга байланыштуу иликтөө себеп болгон. Иликтөө иш-чаралары Нурлан Мамытовдун Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок», — деп билдирет КОӨФ.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Айыл банктын” кызматкерлери насыя бөлүүдө коррупциялык схема боюнча кармалганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат