Жогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылат
Кыргыз мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” статусу ыйгарылды
17.02.2022 | 17:28
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” статусу ыйгарылды. Бул туурасында президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, жарлык кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн, оозеки айтуучулардын иштөө системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынды. Мындан ары аталган мамлекеттик мекеме “Кыргыз улуттук “Манас” театры” деп аталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар