Аскерлер ар кандай бийиктиктен парашют менен секиришти

Аскерлер ар кандай бийиктиктен парашют менен секиришти

Өздүк курам Ми-8 МТВ тик учагынан Set-10 жана Т-10 үлгүсүндөгү парашюттар менен ар кандай бийиктиктен парашют менен секиришти. Бул туурасында Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан токсондон ашык аскер кызматчысы парашют менен секиришсе, алардын ичинен жыйырмага жакыны биринчи жолу секиришти. Окуу-машыгуу секирүүлөрдүн максаты — аскер кызматчыларынын аба каражаттары менен десанттык түшүрүү көндүмдөрүн өркүндөтүү.

Эске салсак, окуу-машыгуу секирүүлөргө чейин өздүк курам аба-десанттык даярдык боюнча жыйындардан өтүп, анын жүрүшүндө парашюттун материалдык бөлүгүн, жалпы конструкциясын жана коопсуздук чараларын өздөштүрүү боюнча окуу милдеттери иштелип чыккан. Теориялык жана практикалык зачетторду тапшыргандан кийин аскер кызматчылары жыйындардын аяктоочу этабына — парашют менен секирүүгө уруксат алышкан.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>