Кыргызстанда февралдын акыркы ишембиси иш күнү

19.02.2022 | 12:45

Кыргызстанда ишемби, 26-февраль иш күнү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Буга чейин министрлер кабинети эс алуу күндөрүн жылдыруу боюнча токтом кабыл алган. Ошентип, 26-февраль, ишемби, 5-январь майрамга карата иш күнү болот.

Ошондой эле Эмгек министрлиги 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү жумуш эмес майрам күнү экенин белгиледи.

Scroll to Top