Кара-Сууда адам өлтүрүүгө шектүү колго түштү — сүрөт

Кара-Сууда адам өлтүрүүгө шектүү колго түштү — сүрөт

Кара-Суу районундагы адам өлтүрүүгө шектелген жаран камалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 13-фералында Кара-Суу РИИБге Кара-Суу районунун жашоочусу 1972-жылы туулган А.А., атуу жаран учтуу нерседен жараат алып каза болгондугун райондук ооруканадан кабар келип түшкөн. Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 13-февралда Кара-Суу районунда жайгашкан дүкөндөрдүн биринде маркум менен ошол эле аймактын тургуну 1988-жылы туулган Н.З., атуу жаран спирт ичимдиктерин ичип, сөз талашып уруша кетишип, натыйжада Н.З.,бычак менен сайып жибергени аныкталган.

Аталган окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү 33 жаштагы Н.З., Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>