Соцфонддун өз тизмеси бар. Айрым айылдар жеңилдиктерден кур калдыБишкекте 103 жашында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Пухарев дүйнөдөн кайттыАжылык сапары 11-майдан тарта башталат: КМДБ өлкөгө кирүүнүн катаал эрежелерин эскертти«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окууга мамлекеттик грант берилетДепутаттар «Баатыр энелердин» балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүүнү жактырыштыКурорттук Кыргызстан: Советтер союзунан калган мурастан заманбап wellness-экономикага
Милиция каза болгон жаранга мал союла турган жеринен токтотуп калды
03.03.2022 | 10:14
Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында каза болгон бир тууганына топурак салууга келген жакындарына мал союуга камылга көрүп жаткан жеринен милиция токтотуп калды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, профилактикалык түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кызыл-Октябрь айылында акчанын ысырап болушуна, ошондой эле мал союуга бөгөт коюлган. Тууганынын өлүмүнө байланыштуу сөөк коюу каадасын билбеген жергиликтүү тургундар тегеректеги жарандардын пикирин эске алуу менен сөөк коюуну каалашкан. Бирок, милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ашыкча чыгымдардан баш тартышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар