Ош мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт
Бишкекте күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү
22.03.2022 | 15:54
Бүгүн, 22-март күну Бишкек шаарындагы ири май куюучу жайлардын расмий сайттарынын маалыматы боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орточо эсеп менен 0,4%га жогорулады.
Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 62,95 сомго (+0,25 сомго, 0,4%га) көтөрүлдү. Ал эми дизель отунунун орточо баасы 63,5 сом болсо, суюлтулган газ 33,95 сомду түзүүдө.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин эң төмөнкү баасы 62,9 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 65,9 сом. “Газпром нефть” ишканасы АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин литрин 74,5 сомдон сунуштап жатат.
Дизель майынын минималдуу баасы 63,3 сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика