Садыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкууладыКыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөтПрезидент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөт
Бишкекте күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү
22.03.2022 | 15:54
Бүгүн, 22-март күну Бишкек шаарындагы ири май куюучу жайлардын расмий сайттарынын маалыматы боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орточо эсеп менен 0,4%га жогорулады.
Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 62,95 сомго (+0,25 сомго, 0,4%га) көтөрүлдү. Ал эми дизель отунунун орточо баасы 63,5 сом болсо, суюлтулган газ 33,95 сомду түзүүдө.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин эң төмөнкү баасы 62,9 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 65,9 сом. “Газпром нефть” ишканасы АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин литрин 74,5 сомдон сунуштап жатат.
Дизель майынын минималдуу баасы 63,3 сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика