Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Шашылыш билдирүү: Арыктарда суунун деңгээли көтөрүлөт
24.03.2022 | 10:26
Бүгүн, 24-март күнү Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, коркунучу жогору болот. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 24-марттан 28-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),
- 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу),
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-76, 84-92 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымында,
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-95 чакырымында,
- Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун (Талдык ашуусу) 160-179 чакырымында,
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымында
- (Батман-Көл айылы), 147-150 чакырымында (Кара-Тейит айылы),
- Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305 чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымында (Ийри-Суу тилкеси),
- 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48,
- 65-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында
- (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар