Күч түзүмдөрүнүн айлыктары көтөрүлбөй калды

Күч түзүмдөрүнүн айлыктары көтөрүлбөй калды

Күч түзүмдөрүнүн айлыктары 1-апрелден тарта көтөрүлбөй калды. Августка жылды. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт жыйынында билдирди.

“Былтыр укук коргоо органынын, аскер кызматкерлеринин айлыктарын теңедик. Милиция менен жолугушканда да айттым, чыдап берсеңиздер. Азыр милиция кызматкеринин эң аз айлыгы 10-12 миң сом алып жатат. Ал эми дарыгерлер менен мугалимдердин айлыктары эки эсеге артта калып калды. Ошондуктан туура көрсөңүздөр аскер кызматкерлеринин бир кылка теңеп алдык. Жакынкы учурда президенттин буйругунун негизинде 309 миң мугалим менен дарыгердин, маданият кызматкерлеринин, илим тармыгандагы адистердин айлыктарын көтөрүп жатабыз. Салык кызматы ушундай темп менен салыктарды чогулта берсе, 4 квартал менен коргоо органы менен милициянын да айлыгын көтөрөбүз деген ниетибиз бар”— деди.

Буга чейин күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн кызматкерлердин айлыктары 1-апрелден тарта көтөрүлөөрү айтылга болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>