6-10-апрель күндөрү өлкөнүн түштүк аймактарында табиятта өзгөрүүлөр болушу ыктымал. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.