Бүгүн Апрель окуясына 12 жыл болду

Бүгүн Апрель окуясына 12 жыл болду

Бүгүн, 7-апрелде Апрель окуясына 12 жыл болду. 2010-жылы дал ушул күнү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылган. Эл анын үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы митингге чыгышкан.

Бакиевдердин бийлиги кулатылгандан кийин убактылуу өкмөт түзүлгөн. Аны Роза Отунбаева башкарган. 2011-жылы учурда камакта жаткан Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы болгон. Атамбаев өзү бийликтин башында турганда 7-апрелди Элдик Апрель революциясынын күнү катары бекитип, бул күндү иш күнү эмес деп белгилеген.

Эскерте кетсек, Апрель окуясында 80ден ашык киши каза болуп, 600гө жакын адам жаракат алган. Ал эми Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Алар учурда Беларусияда баш калкалашууда.

Кечээ, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев Бакиевдерди Кыргызстанга алып келе албай жатышканын билдирди.

Башпрокурор: Бакиевдерди Кыргызстанга алып келе албай жатабыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>