Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Милиция айдоочуларга эскертет
07.05.2022 | 19:16
Мындан ары унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуунун (тонировка) айып пулу жеке жактар 22 000 сомду, юридикалык жактар үчүн 40 000 сомду түзөт. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, мындан ары жаңы өзгөртүүгө ылайык, авто унаасынын терезелерин атайын мыйзамсыз күңүрттөп, караңгылатып алган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлдү.
Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочулар Укук бузуулар кодексинин 194-берененин 3-бөлүмүнө ылайык, авто унааны убактылуу айып короо жайына токтотуу менен жеке жактар 22 000 сом ал эми юридикалык жактар 40 000 сом айып төлөшөт.
Андыктан Кайгуул кызматы баардык айдоочуларга мыйзамга каршы иш кылбай жол эрежесин так сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар