Садыр Жапаров көмүр өнөр жайын өнүктүрүүнүн пландарын айтты

Садыр Жапаров көмүр өнөр жайын өнүктүрүүнүн пландарын айтты

 

Президент Садыр Жапаров, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын жамааты менен болгон жолугушууда өлкөнүн көмүр өнөр жайын өнүктүрүү пландарына токтолду.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөдөгү энергетикалык каатчылык, ошондой эле Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнүн аздыгы, 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мегилинин жыйынтыктары көрсөткөндөй, мындан ары калкты жана Бишкек шаарынын ЖЭБин зарыл көлөмдөгү көмүр менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү көмүрдү казууну кыйла көбөйтүү, аны жылына 1 000 000 (бир миллион) тоннадан ашык казуу зарылчылыгын жаратты.

«Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы мурда токтоп калган көмүр кендерине тиешелүү документтерди иштеп чыгууга киришти. Алардын бири – көмүрдүн баланстык запасы 69 млн тоннадан ашык Миң-Куш кенинин “Ак улак” участогу, ошондой эле баланстык запасы 114 млн тонна болгон Сүлүктү күрөң көмүр кенинин «Сүлүктү талаа — 11» участогу.

Бул участокторду ишке киргизүү менен келечекте бүткүл республиканын көмүр өнөр жайын да мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылат. Буюрса, алдыга коюлган иш-мерчемдерибизди жүзөгө ашырып алсак, жылытуу сезонунда элибизде көмүр муктаждыгы жаралбайт деп үмүт кылып турабыз.», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Сөзүнүн аягында өлкө башчысы Садыр Жапаров жалпы Кыргызстан элине тынчтык жана стабилдүүлүк каалады. Мамлекет башчысы көмүр казуу тармагы республиканын отун-энергетикалык комплексинин алдыңкы тармактарынын бири экендигине өзгөчө көңүл бурду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга ата мекендик көмүр казып алуу өнөр жайын өнүктүрүүгө жана абалын жакшыртууга багытталган актуалдуу маселелерди аныктоону тапшырды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>