Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Жалал-Абад: Милиция окуучулар ортосунда спорттук таймаш өткөрдү
10.05.2022 | 11:59
Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Спорт – ден соолуктун булагы” аталышындагы мелдеш өткөрүлдү. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, таймашка жогорку класстардын улан-кыздары катышып, баскетбол оюну боюнча күч сынашышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери укук бузууларга жана кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле мекенди жана спортту сүйүүгө, мыкты билим алууга чакырышты.
Соңунда жеңүүчүлөр Сузак милициясы тарабынан даярдалган кубок, дипломдор жана атайын китепчелер менен сыйланышты.

Рубрики: Жаңылыктар, Спорт