Бишкекте Айкөл Манаска арналган жаңы монумент ачылдыСадыр Жапаров Эңилчек айылына барып, жашоочулар менен жолугуштуКыргызстан менен Казакстандын Тышкы Иштер Министрлери стратегиялык кызматташтыкты талкуулаштыНоокендеги айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалдыЫсык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөт
А.Ширшов буга чейин айып пул төлөп, акталып чыгыптыр, – президенттин басма сөз катчысы
13.05.2022 | 10:33
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев үй камагына чыгарылган Алексей Ширшовдун иши боюнча тактоо таратты.
Анын маалыматында: “Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты.
Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган”, – деп айтылат.
Буга чейин С.Жапаров Алексей Ширшовдун иши боюнча үн каткан.