Эдил Байсалов Баткендеги мектеп бүтүрүүчүлөрү менен баарлашты

Эдил Байсалов Баткендеги мектеп бүтүрүүчүлөрү менен баарлашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусундагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууларды өткөрүп жатат.

Ал Баткен шаарындагы жогорку класстын окуучулары менен баарлашты. Ошондой эле Ак-Сай айылында жайгашкан Б.Ходжаев атындагы мектепте болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Байсалов билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр, учурда суроо-талапка ээ болгон жана келечектүү кесиптер жөнүндө айтып берди. Жогорку окуу жайларына тапшырууда адистикти туура тандоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү облустагы билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу, чек арага жакын аймактардагы бүтүрүүчүлөр үчүн атайын бюджеттик орундарды бөлүп берүү, кадр жетишсиздигин чечүү боюнча суроолорду беришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>