Бишкектеги Ататүрк паркына жүздү таануу системасы орнотулатКыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана ЕЭК санэпидкөзөмөл тармагындагы кызматташтыкты талкуулаштыКРСУ тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү аземи кандай өттү?«Биз тобокелге салууну чечтик»: Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолун ачтыМассалык баш аламандыкка чакырык жасаган Threads тармагынын дагы бир колдонуучусу кармалды26-июль: Кыргызстанда +37°Cге чейин ысыйт, айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Педофилдерди керек болсо асыш керек, – депутат
18.05.2022 | 16:38
Жашы жетелек балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жаза чараларында жеңилдетүү болбошу керек. Мындай пикирин бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, аларга эң жогорку жаза берилиши керек.
“Керек болсо педофилдерди асыш керек, коомдон жулуп, жоготуш керек. Ар бирибизде бала бар. Биз коомдогу кылмышкерлерди коомчулуктан алыс кармашыбыз зарыл. Ал үчүн бюджеттен каражатты аябашыбыз керек”, – деди депутат.
Жыйында депутаттар балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында мыйзам долбоорун талкуулашууда.
Буга чейин балдарга зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерге каралган жаза өкүмүн 25 жылга чейин жогорулатуу сунушталып жатканы маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом