Садыр Жапаров Касым-Жоомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров Касым-Жоомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 18-майда президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров Касым-Жоомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, Казакстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровго куттуктоосу жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, боордош өлкөлөр ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>