ЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылдыЭки күн ичүүчү суусуз: Бишкекте 21- жана 22-апрелде пландык өчүрүүлөр болотБишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейт
Бишкектин мектептеринде акыркы коңгуроо качан болору белгилүү болду
19.05.2022 | 13:23
9-июнда саат 9:00дө борбор калаанын бардык мектептеринде Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу жыйын болот. Бул тууралуу Бишкек шаардк мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мэриядан алынган маалыматка караганда, быйылкы окуу жылында 9-классты 14 миң 257, 11-классты 8 миң 233 окуучу аяктап жатат. Жалпысынан Бишкек шаарындагы 97 мектепте 177 миң окуучу билим алат.
Ошондой эле мэрия мыйзамга ылайык, шаардын жалпы билим берүү уюмдарында акча чогултууга тыюу салынганын эскертти. Ал эми мындай талаптарды 0 312 61 39 72, 0504 11 01 21 телефондору аркылуу билдирүүгө чакырышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом