Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алыштыБакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен таанышты
Сүлүктү: Көмүр шахтасында газ чыкты
26.05.2022 | 09:09
Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында газ чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарына караштуу Кош-Булак айылындагы көмүр шахталардын биринде газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган даректеги шахтада парустук тосмо орнотуу үчүн шаардагы Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 7 куткаруучу тартылып, 500 метр тереңдикте газ чыккан жерге парустук тосмо орнотуу жумушун ийгиликтүү аякташкан.
Жаракат алгандар катталган жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом