Коомдук жайларда жарнактарды туура эмес илгендерге эскертүү берилди

Коомдук жайларда жарнактарды туура эмес илгендерге эскертүү берилди

«Бишкекглавархитектура» мамлекеттик мекемесинин Жарнама жана дизайн бөлүмүнүн адистери тарабынан жыл башынан бери уруксаты жок орнотулган же борбор калаанын көркөм-эстетикалык көрүнүшүнө туура келбеген жарнак конструкцияларын демонтаждоо боюнча 380ден ашык эскертүү берилген. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарнактарды ишкерлер көбүнчө тротуарларга орнотуп коюшат.

«Бул жөө жүргүнчүлөргө жана башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратат. Борбордун көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында мекеме мындай курулуштарга уруксат бербейт. «Бишкек Главархитектура» ишканасы менен муниципалитеттин ортосунда атайын тротуарларды орнотууга байланыштуу келишимдик мамилелер жок. Мекеме ишкерлерди кардарларды тартуу үчүн жарнаманын заманбап түрлөрүн колдонууга үндөйт», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>