Төрага Т.Мамытов белгилүү мушкер Кямрян Аббасовду кабыл алды

Төрага Т.Мамытов белгилүү мушкер Кямрян Аббасовду кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы 25-майда Талант Мамытов белгилүү кыргызстандык мушкер, One Championship уюмунун учурдагы чемпиону Кямрян Аббасовду кабыл алды, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков, Өмүрбек Бакиров, спортчунун машыктыруучу Якуб Алиев жана «Кулатуу Эртаймаш ММА» Улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев катышты.

Төрага Талант Мамытов дүйнөлүк ири мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип келе жаткан Кямрян Аббасов көпчүлүккө үлгү экенин баса белгилеп: «Сиздин талыкпаган эмгек жана тынымсыз аракет менен жетишкен спорттогу жеңиштериңиз мактоого татыктуу», — деди.

Муну менен катар спортчуга ийгиликтерди каалаган Талант Мамытов Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Кямрян Аббасов дүйнөдөгү беделдүү делген One Championship уюмунун чемпиондук наамына жетип, өлкө тарыхында алгачкы ирет аталган уюмдун курун тагынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>