Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Чек арадагы ок атышуудан эки жоокер жарадар болду, бири оор абалда
03.06.2022 | 16:30
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан улам Кыргызстандын эки чек арачысы жарадар болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тез жардам кызматы жабыркаган эки аскер кызматкерин Баткен облустук ооруканасына жеткирүүдө.
“Жабыркаган эки чек арачынын бири оор абалда. Экинчи чек арачынын абалы орто оор деп бааланууда. Окуя болгон жерде тез жардам кызматы иш алып барууда. Ооруканада бардык кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматы чек арадагы ок атышуу токтогонун жана бир аскер кызматкери жарадар болгонун билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом