Камчыбек Ташиев Баткенге учуп кетти

Камчыбек Ташиев Баткенге учуп кетти

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал болгон жерге тик учак менен учуп кетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, УКМКнын төрагасы реанимобилдерди алып, шашылыш түрдө Баткенге эки жарадар жоокерди алып келүү үчүн учуп кетти.

Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, Баткен районунун Булак-Башы деген жеринде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына киргени аныкталган. Алар Кыргызстандын аймагынан чыгуу тууралуу мыйзамдуу талапты аткарбай, кыргыз чек арачыларына карата ок чыгарган, мындан улам ортодо атышуу башталган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ок атышуудан улам эки жоокер жарадар болгон, бири оор абалда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>