Бишкек шаарынын Ленин районунда 90 жаштагы аялдын жансыз денеси өз үйүндө табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдүн 21-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1932-жылы туулган Р.Г. аттуу аял кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине 5 куткаруучу тартылган.