Бюджеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү пландалууда

Бюджеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү пландалууда

Бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча чоң пландар турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда Финансы-экономикалык системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирген.

Президенттин айтымында, соңку мезгилде мамлекеттик бюджеттин эсебинен калктын социалдык аялуу катмарына төлөнүүчү жөлөк пулдардын өлчөмүн, бардык социалдык кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу, айыл чарба тармагын колдоо, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.

“Алдыда гидроэлектростанцияларды, жаңы темир жол тарамдарын куруу, ири ишканаларды ачуу сыяктуу мамлекеттик масштабдагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле пенсияларды индексациялоо жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча чоң пландар турат”, — деген президент.

Өлкө башчы ошондой эле, мамлекеттин бакубаттуулугу, экономиканын мындан аркы өнүгүшү финансы-экономика жаатындагы кесипкөйлөрдүн аракетине жана талбаган эмгегине байланыштуу экендигин белгилеген.

Тэги: маяна

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>